Skip to content

Files

Latest commit

Dec 22, 2023
98d403c · Dec 22, 2023

History

History
37 lines (19 loc) · 4.2 KB

File metadata and controls

37 lines (19 loc) · 4.2 KB

Маалымдамалар жана спецификациялар

Бул китеп - колдонмо. Ал тилди акырындап үйрөнүүгө жардам берүү максатын көздөйт. Бирок сиз негиздери менен таанышкандан кийин, сизге башка маалымат булактары керек болот.

Спецификация

ECMA-262 спецификациясы JavaScript жөнүндө эң терең, деталдуу жана расмий маалыматты камтыйт. Ал тилдин өзүн аныктайт.

Бирок бул спецификация расмий болгондуктан, адегенде аны түшүнүү кыйын. Демек, сизге тилдин деталдары жөнүндө эң анык маалымат булагы керек болсо, спецификация - бул туура булак, бирок ал күнүмдүк колдонуу үчүн эмес.

Спецификациянын жаңы версиясы жыл сайын жарыяланат. Ал расмий түрдө чыккандан мурун каалоочулар https://tc39.es/ecma262/ дарегинен учурдагы долбоорду көрө алышат.

Акыркы, анын ичинде "дээрлик стандарттагы" ("stage 3 proposals" деп аталган) өзгөчөлүктөр жөнүндө окуу үчүн https://github.com/tc39/proposals дарегине кириңиз.

Эгер сиз браузер үчүн иштеп чыгып жатсаңыз, анда колдонмонун экинчи бөлүгүндө камтылган башка спецификациялар бар.

Маалымдамалар

  • MDN (Mozilla) JavaScript Reference -- бул мисалдар жана башка маалыматтары бар маалымдама. Тилдин функциялары, камтылган маңыздарынын ыкмалары ж.б. жөнүндө толук маалымат алуу үчүн жакшы булак.

    https://developer.mozilla.org/en-US/docs/Web/JavaScript/Reference дарегинде жайгашкан.

Бирок алардын сайтынын ордуна кандайдыр бир интернет издегичин колдонуу ыңгайлуураак. Ошентип, сурамда жөн гана "MDN [изделген нерсе]" киргизиңиз, мисалы parseInt функциясын издөө үчүн https://google.com/search?q=MDN+parseInt дареги туура келет.

Шайкештик жадыбалдары

JavaScript -- бул өнүгүп келе жаткан тил, ага жаңы функциялар үзгүлтүксүз кошулуп турат.

Ар кандай браузерлерде жана башка кыймылдаткычтарда кандай функциялар колдоого алынганын төмөнкү булактардан көрө аласыз:

  • https://caniuse.com - тилдин ар бир өзгөчөлүгү боюнча колдоо маалыматы бар жадыбалдар. Мисалы, кайсы кыймылдаткычтар заманбап криптография функцияларын колдоого аларын көрүү үчүн: https://caniuse.com/#feat=cryptography.
  • https://kangax.github.io/compat-table - тилдин өзгөчөлүктөрү жана аларды колдогон жана колдобогон кыймылдаткычтары бар жадыбал.

Бул ресурстардын бардыгы программисттин күнүмдүк ишинде пайда берет, анткени алар тилди колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, алардын колдоосу ж.б. жөнүндө баалуу маалыматтарды камтыйт.

Сураныч, бир айкын функция жөнүндө терең маалымат керек болгон учурларда ал булактарды (же бул баракчаны) эстеп алыңыз.